• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкек шаарын 2025-жылга чейин өнүктүрүү программасы боюнча коомдук угуу өтөт

Коом 0

Бишкек, 01.05.24. /Кабар/. Бишкекте борбор калааны 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жана 2026-2027-жылдарга болжолунун долбоору боюнча коомдук угуулар өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, талкууга Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги, мэрияга караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, район жетекчилери, активдүү жарандар, коомдук уюмдардын эксперттери катышат.

Мш-чара 14-майда саат 10:00дө Байтик Баатыр көчөсү, 17 дарегиндеги “Таберик” балдар музыкалык театрынын залында өтмөкчү.

Кошумча суроолор боюнча төмөнкү телефон номерине кайрылсаңыздар болот: (0312) 66-09-30.

Программалык документтердин мазмуну менен шилтемеден таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий