Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Кыргызстан 2024-жылдын 11 айында үчүнчү өлкөлөрдөн жалпы 6 лн 971 миң 760 инкубациялык жумуртка сатып алды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- Түркиядан – 4 млн 922 миң;
- Өзбекстандан – 2 млн 33 миң 760;
- Франциядан – 16 миң.
Бул өткөн жылга салыштырмалуу 4 млн 664 миң 182 ге көп. Тагыраагы, 2023-жылдын 11 айында жалпы 2 млн 307 миң 578 инкубациялык жумуртка келген.
Ошондой эле Франциядан 9 миң инкубациялык үндүк жумурткасы импорттолду. Ал эми Өзбекстандан 2 млн 310 миң 120 даана тоок жумурткасы алып келинди.
Тамак-аш жумурткасын алсак, жыл башынан бери өлкөгө 36 млн 947 миң 880 жумуртка импорттолсо, ал эми экспорт 236 миң 600 түздү.
Пикир
Оставить комментарий