• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

МБК октябрда 10,2 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогултту

Экономика 0

Бишкек, 11.11.23. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы (МБК) үстүбүздөгү жылдын октябрында 10,2 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. Белгиленген план 104,4%га аткарылды, же 429,9 млн сомго көп чогултулду.

МБКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2022-жылдын сентябрына салыштырмалуу түшүүлөр 4,1 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 166,2%ды түздү.

2023-жылдын январь-сентябрь айлары үчүн бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн болжолу 83,2 млрд сом өлчөмүндө белгиленген. 2023-жылдын 10 айында бажы кызматы 89,7 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. План 107,7%га аткарылды, же 6,4 млрд сомго көп чогултулду.

2022-жылдын 10 айына салыштырмалуу түшүүлөр 30,6 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 151,9%ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий