• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда жыл башынан бери ИДПнын көлөмү 4,5%га көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 11.11.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрында ички дүң продуктынын (ИДП) көлөмү алдын-ала баалоо боюнча, 919 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бул көрсөткүч 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,5 пайызга көп.

2023-жылдын январь-октябрь айларында өнөр жай продукцияларынын көлөмү 377,5 миллиард сомду түздү жана резина жана пластмасса буюмдарын, курулуш материалдарын (1,8 эсеге), фармацевтикалык продукцияларды өндүрүүнүн (1,6 эсеге), текстиль өндүрүшүнүн, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын (26,9 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердиктин (22,3 пайызга), химиялык продукцияларды (17,2 пайызга), тазаланган мунайзат продуктуларын (6,8 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (3,8 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун көлөмүнүн өсүшүнүн (4,4 пайызга) эсебинен 1,2 пайызга көбөйдү.

Пикир

Оставить комментарий