11-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-август күнү республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +29...+34, Талас облусунда +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл облусунда +24...+29, Нарын облусунда +22...+27, Бишкек шаарында +31...+33, Ош шаарында +34...+36, ал эми Чолпон-Атада +25...+27 градус ысык болот.

Пикир

Оставить комментарий