• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Курманкул Зулушев Кытайда ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев жетектеген делегация Кытайдын Сиань шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун кезектеги жыйынына катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарада Зулушев ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн прокуратура органдарынын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүүдө, кылмыш иштери боюнча мамлекеттик аралык укуктук багытта көмөк көрсөтүүдө, мыйзамдуулукту, укук тартибин камсыз кылууда биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ошондой эле, аталган жыйында ШКУга мүчө-өлкөлөрдө инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу менен жеке ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча прокурордук көзөмөлдү жогорулатуу жана экономиканы модернизациялоодо прокуратура органдарынын ролу жаатындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Жыйындын алкагында Аскер прокуратурасынын жетекчилеринин биринчи кеңешмеси болуп, анда эл аралык терроризмге, экстремизмге, баңгизат жана курал-жарак сатууга каршы күрөшүү маселелери каралды.

ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун отурумунун соңунда протоколго кол коюлуп, кезектеги отурум 2024-жылы Кыргызстанда өтмөй болду.

Пикир

Оставить комментарий