• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

11-июлга чейин өлкө аймагында аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 7-июлдан 11-июлга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

7-июлда жана 8-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-июлда күндүз жана 9-июлда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-июлда күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

10-июлда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

10-июлда күндүз жана 11-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-10-июлдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

7-9-июлдарда жана 10-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 10-июлда күндүз жаан, жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.11-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

7-июлда жана 8-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-июлда күндүз жана 9-июлда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

9-июлда күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

10-июлда тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

11-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-10-июлдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

7-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 7-июлда күндүз жана 8-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

8-июлда күндүз жана 9-июлда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

10-июлда жана 11-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-10-июлдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

7-июлда түнкүсүн Каракол шаарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

7-июлда күндүз, 8-июлда жана 9-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-июлда күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

10-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 11-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-10-июлдарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

7-июлда жана 8-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-июлда күндүз жана 9-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 9-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

10-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-10-июлдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий