• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкектеги Улуттук госпиталда оңдоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Учурда Бишкектеги Улуттук госпиталдын кан тамыр хирургиясы бөлүмүндө жана тамактануу бөлүмүндө оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын декабрь айына чейин аяктайт.

Бөлүмдөрдүн ичин жасалгалоо иштерин жүргүзүү, пол жабууну алмаштыруу, электр энергиясын оңдоо (электр зымдарын жана приборлорун, анын ичинде өчүргүчтөрдү, розеткаларды, лампаларды толук алмаштыруу) пландаштырылууда. Ошондой эле душтар орнотулуп, палаталардагы жууну бөлмөлөрү жаңыртылат.

Оңдоо иштери Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган COVID-19 Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү долбоорунун алкагында жүрүп жатат.

Долбоордун максаты - тиешелүү профилактикалык чараларды камсыз кылуу, дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарынын шарттарын жакшыртуу аркылуу КР өкмөтүнө COVID-19 пандемиясына каршы туруу потенциалын чыңдоого көмөктөшүү.

Пикир

Оставить комментарий