• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт

Коом 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт. Бул тууралуу “Кыргызстан Газпром” ишканасы билдирет.

Маалыматка ылайык, 17-апрелден 19-апрелге чейин Бишкек шаарынын Садыгалиев-Волков дареги боюнча жайгашкан төмөнкү басымдагы газ өткөргүчкө кайрадан курулган газ өткөргүчтү кошуу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Оңдоо иштерине байланыштуу Волков, Ден Сяопин, Патриса Лумумбы, Владимировская көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт.

“Кыргызстан Газпром” ишканасы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий