• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкекте мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнактар алынды

Коом 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Бишкекте жарнамаларды иретке келтирүү иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Октябрь районунда жарнамаларды иретке келтирүү боюнча рейд өтүп, Байтик-Баатыр көчөсүнүн Аалы Токомбаев көчөсүнөн Лев Толстов көчөсүнө чейин бөлүгүндө 55тен ашык жарнама түзүмдөрү алынды.

Буга чейин комиссия жарнаманы жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, билдирүүлөрдү тараткан.

Текшерүүлөр шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнама маалыматтын мамлекеттик тилдеги тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, ошондой эле шаардын сырткы жарнамаларын жайгаштыруу жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий