• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстан менен Өзбекстан Жогорку сотторунун төрагалары кызматташуу меморандумуна кол койду

Коом 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Бүгүн Ташкент шаарында Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков менен Өзбекстан Жогорку сотунун төрагасы Бахтияр Исламовдун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу Өзбекстан Жогорку сотунун имаратында болуп, тараптар эки өлкөнүн Жогорку сотторунун ортосундагы байланыштарды бекемдеп, меморандумга кол коюшту.

“Биз көп жылдар бою Өзбекстан Республикасынын Жогорку соту менен тыгыз жана активдүү кызматташып келебиз. Ошол эле учурда биз кесиптик өз ара аракеттенүү аркылуу гана байланышпайбыз. Биздин кызматташтыгыбыз жана жолугушууларыбыз укуктук өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө да, достук мамилелерди өнүктүрүүгө да, Кыргызстан менен Өзбекстандын бир тууган элдеринин ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди чыңдоого да салым кошуп жатканын канааттануу менен айта алам. Ал эми бүгүн меморандумга кол коюу ниети бул байланыштарды дагы бир жолу тастыктайт.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кезектеги жыйынынын алкагында меморандумга кол коюлуп жатканын өзгөчө белгилегим келет. Бул көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө гана эмес, ошондой эле тар форматтагы эки тараптуу өз ара байланыштарды бекемдейт.

Аталган документ биздин сот адилеттиги системаларыбыздын ортосундагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө карай дагы бир кадам болот деген тилектемин.

Ошондой эле меморандумга кол коюу биздин өз ара байланыштардын формалдуу бекемделиши бойдон калбай, өзүнүн практикалык ишке ашырылышын таап, эки тарап үчүн пайдалуу болооруна ишеним артып жатам”, - деп билдирди Замирбек Базарбеков.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Бахтияр Исламов төрага Замирбек Базарбековго Өзбекстан Жогорку сотунун имараты, тарыхы, музейи жана ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул күндөрү Замирбек Базарбеков башында турган кыргыз делегациясы Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XIX кеңешмесине катышууда.

Пикир

Оставить комментарий