• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Айдоочу ГБРдин унааларына жол бошотуп берүүгө милдеттүү эмес. Эмнеге?

Коом 0

Бишкек, 17.02.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Айдоочу Ыкчам аракеттенүү тобунун (ГБР) унааларына жол бошотуп берүүгө милдеттүү эмес. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн 1999-жылдын 5-ноябрындагы №610 токтомуна ылайык, атайын сигналдарды төмөнкү бөлүмдөрдүн автоунааларына гана орнотууга уруксат берилет:

-өрт өчүрүү кызматы;
-милиция;
-тез жардам кызматы;
-акча каражаттарын чогултуу жана баалуу жүктөрдү ташуу унаалары;
-аскердик автоунаа инспекциясы жана ведомстволук жол кыймылынын коопсуздук кызматтары;
-чукул кырдаал: аскерлештирилген минадан куткаруу бөлүктөрү;
-өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жардам көрсөтүү кызматтары.

Мындан улам айдоочулар Ыкчам аракеттенүү тобунун (ГБР) автоунааларына жол бошотуп берүүгө милдеттүү эмес.

Белгилей кетсек, Ыкчам аракеттенүү тобунун унааларына көгүлтүр түстөгү жаркылдаган жарыкты орнотууга тыюу салынат.

Пикир

Оставить комментарий