• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

8-январга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 08.01.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 8-январга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөнүндө, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен, Ысык-Көл Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +5…+10, Талас облусунда +4…+9, Ысык-Көл облусунда +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +6…+11, Нарын облусунда -3…-8 градус болушу күтүлөт.

Бишкек шаарында абанын табы +6…+8 градуска чейин жетет.

Пикир

Оставить комментарий