• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстандын башкы аянтында жаңыланган туу салтанаттуу көтөрүлдү

Коом 0


Бишкек, 08.01.24. /Кабар/. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жаңыланган туу салтанаттуу көтөрүлдү. Аземге Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар катышты.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын 22-декабрында президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “КР мамлекеттик символдору жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койгон.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы символдорунун бирин – Кыргыз Республикасынын туусун жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасы түз болуп өзгөртүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий