• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Транспорт министрлиги: Жол кызматтары кардан тазалоо иштерин штаттык режимде жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 26.11.21./Кабар/. КРнын Транспорт жана жолдор министрлигинин Жол кызматтары республикалык маанидеги жолдорду кардан тазалоо жана инерттүү материалдарды себүү боюнча иштерди штаттык режимде жүргүзүүдө.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, “Төө-Ашуу” ашуусунда кар жаап жатат, ушуга байланыштуу “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Боом капчыгайында дагы кар жаап, бирок кар дароо ээрип, ашууда кар күрткүсү байкалбайт. Ошондой эле Нарын облусундагы “Долон”, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунундагы “Чапчыма” жана башка ашууларда дагы кар жаап, кар күрткүсү пайда болду.

“Жол кызматтары кардан тазалоо жана инерттүү материалдарды себүү иштерин штаттык режимде жүргүзүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Транспорт министрлиги айдоочуларды ашууларга жайкы дөңгөлөктөр менен чыкпоого, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого, каршы тилкеге чыкпоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий