• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элчи Дюшекеев Нур-Султандын акими Алтай Кульгинов менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар боордош шаарлардын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу маселелерин талкуулап, 2022-жылы Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин Нур-Султанга иш сапарын уюштурууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий