11 өлкөнүн катышуусунда Эл аралык Ысык-Көл оюндары старт алды

Спорт 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Чолпон-Атада кечээ, 12-сентябрда 18-Эл аралык Ысык-Көл оюндары старт алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

“Рух ордо” этно-комплексинде Мамлекеттик агенттиктин алдындагы спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча башкармалыктын директору Мурат Кыбраев, КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун төрагасы Камол Рахимов, КРнын өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Монолдоров жана Профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары Жээнбек Осмоналиевдин катышуусунда иш-чаранын ачылыш аземи өттү.

“Эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндары салттык мелдештер болуп эсептелип, “Азия – кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы” ураанынын алдында өткөрүлөт. Максаты – ден соолукту чыңдоочу, дене тарбия-массалык жумуштарды жакшыртуу жана өнүктүрүү, элдердин ортосундагы достукту бекемдөө. Баарыңыздарга спорттук оюндарда чын ниетимден жеңиш жана жетишкендиктерди каалайм”, - деди Кыбраев.

Катышуучу өлкөлөрдүн парадынан кийин ал XVIII оюндарды ачык деп жарыялады.

“Ысык-Көл оюндары спортту өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Алар жогорку деңгээлде болот деп ишенем”, - деп белгиледи Рахимов.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт болду.

Быйыл оюндарга 11 өлкөдөн 1 миң 248 катышуучу катышат.

Спорттук программага кыз-келиндердин жана эркектердин арасындагы спорттун популярдуу жана жеткиликтүү түрлөрү кирген: армрестлинг, баскетбол 3х3 (стритбол), волейбол, аркан тартыш, сууда сүзүү, жеңил атлетика, үстөл үстүндөгү теннис, мас-рестлинг, мини-футбол, футзал, кум жээктеги футбол, кум жээктеги аолейбол, кум жээктеги күрөш, кум жээктеги самбо, сумо күрөшү, массалык жеңил атлетикалык чуркоо.

Ошондой эле “Ысык-Көл баатыры”, бука тартыш, оордуктарды ташуу, күрөш боюнча мелдештер өтөт.

Мелдештер 19-сентябрда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий