• 87.12
  • 94.14
  • 0.98

Бүгүн кыргызстандык хоккейчилер Сингапурдун курамасы менен оюн өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 07.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 7-мартта Бишкекте 4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курама командасы Сингапурдун командасы менен оюн өткөрөт.

Дүйнө чемпионаты шаардык муз аянтында 3-8-март аралыгында өтүүдө.

Эки команданын оюну саат 20:00дө шаардык муз аянтында башталат.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын курамасы Иранды 13:1, Малайзияны 22:1 эсебинде жеңген.

Белгилей кетсек, аталган турнирде жалпы жонунан беш команда: Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Ирандын курама командалы күч сынашууда.

4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстандын аймагында биринчи жолу өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий