• 87.86
  • 93.94
  • 1

Украинадан келе жаткан КРнын 45 жараны Түркиянын чек арасынан өттү – элчи Кадыркулов

Коом 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Кечээ, 6-мартта Украинадан Молдова – Румыния – Болгария каттамы аркылуу келе жаткан Кыргызстандын 45 жараны Түркиянын чек арасынан өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов социалдык тармактагы жеке баракчасында билдирди.

"Белгилей кетсек, 5-мартта Болгариянын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин куратору М.Енков менен телефон аркылуу сүйлөшүү болуп, ал кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча Болгариянын аймагы аркылуу Кыргызстандын жарандары үчүн “жашыл коридор” берилгенин билдирди", - деп жазган элчи.

Ал белгилегендей, бүгүн Молдовадан дагы 25 киши автобус менен Түркияга кетишет, ал жерден бардык жарандар мекенине андан ары баруу үчүн жол жүрүү документтерин ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий