• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

12-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +25…+30, Талас облусунда +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27…+32, Ысык-Көл, Нарын облустарында +19…+24 градус болот.

Ал эми абанын температурасы Бишкек шаарында +28…+30 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий