• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Салык тутумунун ачыктыгы чакан бизнести колдойт - Ысабеков

Коом 0

Өткөн жумада президент Садыр Жапаров «Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Мыйзам кандай ишке ашары жана эмнеге багытталганы тууралуу “Кабар” агенттигине КР Экономика жана соода министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков берген маегинде айтып берди.

Ал белгилегендей, бул жарлыктын негизги мазмуну – субъекттердин ишмердүүлүгүнүн мүмкүн болушунча ачык-айкындыгына басым жасалат, демек, кичи ишканалардын ишин жеңилдетип, өз кезегинде жарандардын жеке бизнесин ачуусуна көмөктөшөт.

“Чакан ишканалар бул жарлыкка баш ийет. Белгилүү шарттар бар, мисалы, жылдык товар жүгүртүү 8 миллион сомдон ашпашы керек деген. Мындан тышкары, ККМди (контролдук-кассалык машинаны) кабыл алып, бул режимге өтүү керек. Жарлыктын таасирине жетүү үчүн кандай жүгүртүү болуп жатканын билүү керек, ал үчүн ККМ керек. Белгилей кетсек, ККМ мурда кабыл алынган токтомго ылайык керек болчу. Көптөр мурунтан эле мындай машиналарды колдонушат”, - деди Ысабеков.

Ал ошондой эле мындай жарлык чакан бизнеске жана бизнесин нөлдөн баштаган адамдарга оң таасирин тийгизерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий