• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жаа атуу боюнча өлкө чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарында 12-декабрда жаа атуу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдештердин расмий ачылыш аземине Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Нурлан Исмаилов, Кыргызстандын жаа атуу федерациясынын президенти Эльнура Осмоналиева жана Дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Саиддин Азизбаев катышты.

Мелдештер чоңдор жана жаштар арасында өткөрүлдү. Жалпысынан чемпионатка 50дөй спортчу катышты.

Жеңүүчүлөрдүн жана байге ээлеринин тизмеси:

Эркектер арасында:
1-орун – Улукбек Курсаналиев;
2-орун – Ислам Алманбет уулу;
3-орун – Чынгыз Мамакеев.

Кыз-келиндер арасында:
1-орун – Айтурган Маматкулова;
2-орун – Жибек Канатбек кызы;
3-орун – Диана Канатбек кызы.

Жаштар арасында (эркектер):
1-орун – Баяман Бегалиев;
2-орун – Билал Арааев;
3-орун – Фуркан Экинжи.

Кыздар:
1-орун – Жибек Муратбекова;
2-орун – Акылай Бейшеналиева;
3-орун – Лейла Мамакеев.

Сүйүүчүлөр арасында:
1-орун – Лутфуллах Алтыбаев;
2-орун – Салтанат Калбаева;
3-орун – Алия Сманова.

Чоңдор арасы MIX:
1-орун – Айтурган Маматкулова, Ислам Алманбет уулу;
2-орун – Жибек Канатбек кызы, Чынгыз Араев;
3-орун – Диана Канатбек кызы, Улан Араев.

Жаштар MIX:
1-орун – Лейла Мамакеева, Диана Женишбек кызы;
2-орун – Лутфуллах Алтыбаев, Бермет Айбек кызы;
3-орун – Давлет Азимом, Билал Араев.

Белгилей кетсек, мелдеш Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргызстандын жаа атуу федерациясы тарабынан өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий