• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сох анклавындагы жаңы аэропорт аба каттамдарын кабыл ала баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Humo Air авиакомпаниясы 12-декабрда Фергана-Сох-Фергана багыты боюнча алгачкы аба каттамын аткарды.

Өзбекстандын Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, бул багыт боюнча каттамдар алгачкы убактарда жумасына эки жолудан — дүйшөмбү жана жума күндөрү Ан-2 учактары менен аткарылып турат. Алардын учуу узактыгы 30 мүнөттү түзөт. Жүргүнчүлөр авиабилеттерди Фергана, Анжиян жана Наманган аэропортторунан, ошондой эле Сох райондук акимчилигинин имаратынан сатып алышса болот.

Сох аэропортунун курулушуна Өзбекстандын мамлекеттик бюджетинен 6,8 миллиард сум (631 миң доллар) бөлүнгөн.

Кыргызстандын Баткен облусунун ичинде жайгашкан Сох анклавындагы жаңы аэропорттун курулушу аяктаганы быйыл октябрдын ортосунда кабарланган. Буга чейин Сохтун тургундары Өзбекстанга барыш үчүн Кыргызстандын аймагы аркылуу 20 чакырымдай жол жүрүп келишкен.

Пикир

Оставить комментарий