• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ Тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси каза болгондугуна байланыштуу жакындарына көңүл айтты

Коом 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. КР ИИМдин Тергөө кызматынын мурдагы жетекчиси Сыргак Айткурмановдун күтүүсүздөн каза болгондугун Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери терең кайгыруу менен кабыл алды.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, Коллегия мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу жана ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамы, милициянын полковниги Сыргак Айткурмановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

"Сыргак Айткурмановдун жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун. Бул биз үчүн чоң жоготуу. Ал кесиптештеринин эсинде жоопкерчиликтүү, ак ниет, кесипкөй жетекчи катары эсте калат", - деп айтылат КР ИИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Эске сала кетсек, ИИМдин Тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Сыргак Айткурманов ооруканада эсине келбей каза болду.

Пикир

Оставить комментарий