• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

USAID Мамкурулуштун кызматкерлерин даттанууларды кароо боюнча окутат

Коом 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бактыяр Станбеков USAIDдин "Укук булагы" долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Мамкурулуш агенттигинин кызматкерлерин административдик даттанууларды кароону окутуу боюнча кызматташуу макулдашылды.

Окутуулар жарандардын жана юридикалык жактардын административдик даттанууларын кароо, Мамкурулуш агенттигинин жана анын башкармалыктарынын, аймактык бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды алуу боюнча өтөт.

Пикир

Оставить комментарий