• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэри Биринчи май районунун жашоочулары менен жолугушууда

Коом 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Биринчи май районунун жашоочулары менен жолугушууда.

Жолугушуунун алкагында калаа башчысы шаардыктардын суроолоруна жооп берип, арыз-даттанууларды, сунуш-пикирлерди угуп, районду өнүктүрүү пландарына токтолот.

Белгилей кетсек, район тургундары бардык шаардык кызматтардын жетекчилерине да өздөрүнүн суроолорун бере алышат.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекет башчысынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери 11-апрелден тарта жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров ар бир райондо 2ден 8 жыйын өткөрөт:

- Биринчи май району:

Алгачкы жыйын 12-апрель күнү саат 10:00дө №78 мектеп-гимназиясынын жыйындар залында өтүп, мэр “Көлмө” жаңы конушунун жашоочулары менен жолугат. Ал эми саат 14.00дө акимчиликтин жыйындар залында Биринчи май районунун тургундары менен жолугушуусу болот.

- Ленин району:

13-апрелде саат 10:00дө №82 мектеп-гимназиясынын жыйындар залында “Ала-Тоо” конушунун калкы менен жолугуп, саат 14.00дө акимчиликтин жыйындар залында Ленин районунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берет.

- Октябрь району:

14-апрель күнү саат 10:00дө №91 мектеп-гимназиясынын жыйындар залында «Кара-Жыгач» конушунун тургундары менен жолугуп, саат 14:00дө Октябрь акимчилигинин жыйындар залында Октябрь районунун тургундарынын суроолоруна жооп берет.

- Свердлов району:

15-апрелде саат 10:00дө №94 мектеп-гимназиясынын жыйындар залында “Дордой” жаңы конушунун тургундары тарабынан берилген суроолорго жооп берип, ал эми саат 14:00дө Свердлов акимчилигинин жыйындар залында ошол эле райондун жашоочулары менен жолугушуусу өтөт.

Пикир

Оставить комментарий