Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Эртең, 13декабрда Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад , Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10,
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10,
Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7,
Нарын облусунунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8.
Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 8…10° болот.
Пикир
Оставить комментарий