• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Суу чарба тармагына бөлүнө турган 1 млрд сом эмнеге жумшалат?

Коом 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Быйыл Суу ресурстары кызматынын карамагындагы мамлекеттик суу чарба объектилеринде оӊдоо жана калыбына келтирүү жумуштарын аткарууга бюджеттен 1 млрд сом каражат бөлүнүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул каражатка 176,3 км каналды оӊдоо, 77,4 км каналды бетондоо, 712,1 км каналдарды механикалык тазалоо, 619 гидротехникалык курулмаларды, 340 суу өлчөөчү постторду, 105 насостук станцияны, анын ичинде 236 насостук агрегатты оӊдоо, 72 насостук агрегатын жаӊылоо, 28 скважинаны оӊдоо, 14 суткалык жана декадалык жөнгө салуучу бассейндерди, 9 суу сактагычтарды оӊдоо жана тазалоо иштери, ошондой эле 276,8 км коллектор-дренаждык тармакты оӊдоо жана механикалык тазалоо иштерин аткаруу мерчемделүүдө.

Пикир

Оставить комментарий