• 87
  • 90.41
  • 0.84

131 ок атуучу курал алынды. Кыргызстандын аймагында "Арсенал" иш-чарасы өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Ички иштер министрлиги Жаңы жыл майрамынын алдында ички иштер органдарынын кызматкерлери “Арсенал” аталышындагы алдын алуу иш-чарасын өткөрүүдө.

Ведомстводон билдиргендей, КР ИИМдин буйругуна ылайык, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук тартибин бузууга жол бербөө, ок атуучу куралдарды колдонуу менен кылмыш жасоону болтурбоо, курал-жарактарды жана ок-дарыларды жүгүртүүнү толук көзөмөлдөө максатында 2021-жылдын 24-декабрынан 30-декабрына чейин “Арсенал” аталышындагы ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чаралары өтүүдө.

"Ар дайым өткөрүлүп жаткан бул иш-чаранын негизги максаты - укук бузуулардын алдын алуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоо, курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан укук бузууларга бөгөт коюу. Андан сырткары, жарандар тарабынан мыйзамсыз сакталган, жоголгон жана уурдалган ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды аныктоо, алуу, коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерде ок атуучу куралдарды колдонууга жана пайдаланууга жол бербөө максатында масштабдуу алдын алуу багытындагы иштер уюштурулууда", - деп айтылат маалыматта.

КРнын “Курал жөнүндө”, “Жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын аткаруунун алкагында милиция кызматкерлери жарандар жана уюмдар тарабынан ок атуучу куралдарды сактоо эрежелеринин аткарылышы боюнча бир катар текшерүүлөрдү жүргүзүштү. Жашаган жеринде ок атуучу куралы бар адамдар текшерүүгө алынды. Бул алдын алуу иш-чараларынын алкагында 3178 мергенчи жана 371 газ-травматикалык куралдын ээлери текшерилди.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы боюнча ок атуучу куралдарды сактоо шарттарынын 142 бузуусу аныкталган. Бүгүнкү күндө 131 даана ок атуучу курал, 125 даана ар кандай калибрдеги ок-дарылар убактылуу сактоого алынды. Жарандар 3 даана ок атуучу куралды өз ыктыяры менен тапшырышты.

ИИМден белгилегендей, бул багыттагы иштер күчөтүлгөн режимде уланууда. Ички иштер министрлиги ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыш жоопкерчилигине алып келерин жана куралын өз ыктыяры менен тапшырган жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий