• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Сокулукта 30 миң сомдук аккумулятор уурдоого шектелип эки жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Чүйдүн Сокулук районунда 30 миң сомдук аккумулятор уурдоого шектелип эки жигит кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Сокулук райондук милиция бөлүмүнө Новопавловка айылынын 32 жаштагы К.М. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 24-декабрдан 25-декабрга караган түнү анын үйүнүн жанында токтоп турган жүк ташуучу автоунаасынан эки аккумуляторун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген чыгым 30 миң сомду түзгөн.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 26 жаштагы А.Н. жана 25 жаштагы М.А. аттуу жарандар кармалышкан.

Териштирүү учурунда кармалган жарандардын Сокулук районунун Новопавловка жана Ак-Ордо айылдарында катталган уурулук кылмыштарына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий