• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте №136 маршрутканын кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлдү

Коом 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. №136 маршруттук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Эми «Трансгрупп-Коммуникэйшн» ЖЧКсы тейлеген каттам Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жайгашкан Шабдан Баатыр көчөсүнөн түштүк тарапка каттайт.

Мындай чечим Арча-Бешик конушунун тургундарынын көптөгөн кайрылууларына, ошондой эле Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин жетекчилигинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусуна байланыштуу кабыл алынды.

Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы тарабынан бекитилгенден кийин бул маршруттук каттам бекитилген жол кыймылынын схемасы боюнча «Ак-Ордо жаңы конушу – Көк-Жар конушу” Шабдан Баатыр көчөсүнө кирүү менен каттайт.

Пикир

Оставить комментарий