• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз киносунун ардагери Муса Абдиев каза болду

Коом 0

Бишкек, 08.01.24. /Кабар/. 2024-жылдын 7-январында Кыргыз киносунун ардагери, Кыргызстандын Эл сүрөтчүсү Муса Абдиев 89 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Маркум менен коштошуу зыйнаты 9-январда өтөт.

Муса Абдиев 1934-жылы 23-февралда төрөлгөн. 1959-жылдан баштап «Кыргызфильм» киностудиясында иштеген. Ал кийим дизайнери, ассистент жана сценарист, продюсер болгон.

Муса Абдиевдин фильмографиясы:

● Төлөмүш Океевдин үч тасмасы: «Ак илбирстин тукуму», «Сүйүү закымдары», «Чыңгыз Хан»;

● Геннадий Базаров тарткан үч тасма: «Саманчынын жолу», «Каныбек», «Көчө» (к. ар түрдүү муундардагы айыл калкы);

● «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» режиссёру Болот Шамшиев;

● «Түшүндүрмө издебе» режиссёру Жали Соданбек;

● «Провинциалдык романс» - режиссёру Мелис Убукеев;

● «Сундук предков» -режиссёру Нурбек Эген ж.б.

Пикир

Оставить комментарий