• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте издөөдө жүргөн Казакстандын жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.01.24. /Кабар/. Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан издөө жарыяланган жаран сырткы видеокамералардын жардамы менен Бишкектен кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, видеобайкоо камералары аны пирамида схемасын түзүү жана жетектөө үчүн издөөдө жүргөн адам катары тастыктаган.

Буга чейин Алматы шаарынын Медеу райондук полиция башкармалыгы тарабынан Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 217-беренеси ("Каржы пирамидасын түзүү жана жетекчилик кылуу") боюнча издөө жарыяланган өздөрүнүн жараны О.А. Бишкек шаарындагы камераларга 2023-жылдын декабрь айынын аягында түшүп калган. Ага карата бөгөт коюу чарасы камакка алуу болгон.

Казакстанда 2021-жылдын апрелинде жабыркаган салымчылар үч компаниянын иши боюнча жамааттык арыз менен полицияга кайрылып, аларды каржы пирамидасы деп аташкан. Бул компаниялар өздөрүн эң кирешелүү инвестициялык ийгиликтүү уюмдар катары көрсөтүшкөн. Жогорудагы фактыларга тиешеси бар деп кармалган Алматы шаарынын тургуну О.А. каржы пирамидасын түзүүгө жана жетектөөгө шектелүүдө. Кирешелүү инвестицияларды туураган бул “долбоордун” лидерлерин кармай баштаганда ал изин жашырып кетүүгө үлгүргөн.

Белгиленгендей, бул компаниялар салымчылардан бир нече миллиарддаган теңгесин мыйзамсыз чогулткан. Келип түшкөн акча каражаттарынын агымын көбөйтүү максатында каржы пирамидалардын ишмердүүлүгүнө белгилүү блогерлер тартылган. Сот эки вайнерди пирамида схемасы боюнча иштегендиги үчүн беш жылга эркинен ажыраткан.

Пикир

Оставить комментарий