• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ишкерди коркутуп, ири суммадагы акча талап кылган жарандардын тобу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. Ишкерден ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын сентябрь айында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине Чүй облусунун тургунун коркутуп, 45 миң доллар өлчөмүндөгү акча талап кылып жаткан жарандар тууралуу маалымат түшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бул факты тастыкталган. Белгилүү болгондой, опузалап акча талап кылгандар колунда бар адамдарды аныктап, ири суммадагы акчаны ай сайын берип турууну талап кылып, андан сырткары кылмыш чөйрөсүнө көңүл бурбаганын айтышып, коркутуп келишкен.

Топтолгон материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Жакында эле Кара-Балта шаарынын аймагынан жогоруда көрсөтүлгөн акчанын бир бөлүгүн - 165 миң сомду опузалап алган жеринен кылмыштуу топ кармалды. Алар:

- Чүй облусунун Панфилов районунун тургуну 1993-жылы туулган Д.А.;

- Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочусу 1985-жылы туулган Ж.М.;

- Чүй облусунун тургуну, Россия Федерациясынын жараны 1986-жылы туулган Т.Б.;

- Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочусу 1994-жылы туулган О.М.;

- Чүй облусунун Панфилов районунун тургуну 1988-жылы туулган У.К.;

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камалып, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий