Садыр Жапаров ЭКУ саммитинде уюмдун алкагында кызматташууну өнүктүрүүнүн негизги багыттарын белгиледи

Президент 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Ташкент шаарында Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын 16-саммитинде сөз сүйлөдү.

Иш-чарага уюмга мүчө - Азербайжан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан мамлекеттеринин башчылары, ошондой эле Казакстан жана Пакистандын өкмөт башчылары, ЭКУнун башкы катчысы Хусрав Нозири да катышууда.

Саммиттин катышуучулары менен саламдашып жатып, мамлекет башчысы салттуу меймандостугу жана бүгүнкү жыйынга мыкты шарттарды түзүп бергендиги үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге ыраазычылык билдирди.

"Биздин саммит өткөн мезгилдеги Экономикалык кызматташтык уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүбүздүн негизги жыйынтыктарын чыгарууга жана бул багытта өз ара пайдалуу регионалдык кызматташуунун перспективаларын талкуулоого сонун мүмкүнчүлүк берет. Боордош Түркмөнстандагы ушундай форматтагы жолугушуубуздан бери эки жылдай өттү, бул мезгил ичинде биз ЭКУ мейкиндигине түздөн-түз таасирин тийгизген олуттуу геосаясий өзгөрүүлөргө күбө болдук. Биз Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризиске көңүлүбүз ооруп, зээнибиз кейип, байкап отурабыз. Биз тараптарды курмандыктарды жана жайкын тургундарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө, согуштук аракеттерди тез арада токтотууга жана сүйлөшүү процессин күттүрбөстөн баштоого чакырабыз”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы Афганистан тематикасына токтолуп, Афганистан элине гуманитардык жардам көрсөтүү жана афган экономикасын калыбына келтирүүгө көмөктөшө турган регионалдык интеграциялык экономикалык жана гуманитардык долбоорлорду ар тараптан колдоо боюнча ишмердүүлүктү улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаров экономикалык кызыкчылыктардын жалпылыгына негизделген аймактык жана региондор аралык интеграция келечекти көрө билүүнүн негизги элементи болуп саналарын белгиледи. ЭКУ заманбап шарттарда интеграциянын эффективдүү куралы болуу үчүн эбегейсиз потенциалга ээ.

Буга байланыштуу ал аталган форматтын алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча көз карашын белгиледи.

"Биринчиси - соода тармагы. Акыркы жылдары биздин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин кеңейиши жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнүн өнүгүшү байкалууда. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн өз ара соода алкагында, ошондой эле үчүнчү өлкөлөр менен кызматташтыкта экспортунун жана импортунун көрсөткүчтөрүндө оң тенденция байкалууда. Ошол эле маалда, азыркы учурда регионалдык экономикалык жана чарбалык байланыштар системасында ЭКУнун ролу мамлекеттердин колдо болгон реалдуу потенциалына дал келбей тургандыгын моюнга алуу керек.

Мындай шартта Уюм аталган маселелерди чечүүдө жаңы ыкмаларды издөө жолу менен гана кызматташуунун сапаттуу жаңы деңгээлине чыга алат деп ишенебиз. Биздин биргелешкен күч-аракеттерибизди көйгөйлүү маселелерди аныктоого жана бул көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө түзүүчү натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгууга багыттоо маанилүү. Биз жалпы экономикалык кызыкчылыктарды калыптандыруу жана илгерилетүү үчүн өз ара соода агымдарын мындан көбүрөөк диверсификациялоого биргелешип көмөктөшүшүбүз керек.

Экинчиси - транспорт жана логистика. Экономикалык өсүштүн драйвери болуп регионалдык транзиттик, транспорттук жана логистикалык потенциалды өнүктүрүү саналат. Биздин аймак Түндүк менен Түштүктүн, Батыш менен Чыгыштын ортосундагы негизги көпүрө болуп бериши толук мүмкүн. Деңиз портторуна кирүү мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн биздин аймактын транспорттук-логистикалык коридорлорун жана мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттерди жасоо маанилүү. Биз ошондой эле "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу боюнча стратегиялык долбоорду ишке ашырууга өзгөчө маани беребиз.

Үчүнчүсү - энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу. Энергия менен камсыздоонун географиясын кеңейтүү биздин аймактын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү ролду ойной алат. Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан “жашыл экономиканы” өнүктүрүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. "Жашыл энергетика фонду" түзүлгөн.

Кыргызстанда өндүрүлгөн энергиянын дээрлик бардыгы "жашыл", анткени ал гидроэнергетикага туура келет. Биз "Камбар-Ата-1" ири гидроэлектрстанциясын куруу боюнча долбоорду ишке киргиздик, ал Борбор Азиядагы суу жана энергетикалык коопсуздукту чыңдоого олуттуу салым кошот. Биз кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү боюнча уюмубуздун потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн активдүү колдонууну сунуштайбыз.

Төртүнчүсү - маалыматтык-коммуникациялык технологиялар. Бул тармак, санариптештирүү жана технологияларды тез өнүктүрүү доорунда, толук кандуу экономикалык тармак катары чыгууда. Биз өлкөбүздө санариптик технологияларды өнүктүрүү үчүн тең салмактуу шарттарды түзүүгө артыкчылыктуу көңүл буруудабыз.

Кыргызстандын маанилүү демилгелеринин бири Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркын түзүү болуп саналат, ал дүйнөдөгү эң жагымдуу преференциялары бар инновациялык зона болуп саналат.

Биз өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүздү бириктирүүнү сунуштайбыз жана биздин уюмга мүчө өлкөлөрдүн IT-компанияларын кызматташууга жана Кыргызстандын жогорку технологиялар паркында биргелешкен маалыматтык продуктыларды иштеп чыгууга чакырабыз", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Жыйынтыгында мамлекет башчысы бүгүнкү отурумдун жыйынтыктары жана жетишилген макулдашуулар катышуучу өлкөлөрдүн өз ара пайдалуу кооперацияга умтулуусун чагылдырат жана артыкчылыктуу тармактарда комплекстүү өз ара аракеттенүүнү жана өнөктөштүктү камсыздайт деген ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий