• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Маданият министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев эмгек жамаатына тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин эмгек жамаатына жаңы дайындалган министрдин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиевди тааныштырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Байсалов өз сөзүндө маданият тармагында жасала турган иштердин артыкчылыктуу багыттарын белгилөө менен, Тимурлан Ажымалиевдин ишине ийгилик каалап, алдыда жасай турган иштерди алып кетүү үчүн анын иш тажрыйбасына ишенээрин белгиледи.

Ажымалиев Тимурлан Максатбекович 1983-жылы 3-июлда Талас облусунда туулган.

Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак Улуттук университетин Юридика факультетин, андан соң, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Юридика факультетинин магистратурасын аяктаган.

  • 2005-2007-ж.ж – Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн.
  • 2007-ж – жеке сектордо эмгектенген;
  • 2007-2008-ж.ж – Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси;
  • 2008-2009 – ж.ж. - жеке сектордо эмгектенген;
  • 01.200 –10.2009-ж.ж – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчисинин жардамчысы;
  • 10.2009–02.2010-ж.ж – Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жардамчысы;
  • 10.2011-02.2012 ж.ж – «OPTIMUM долборлоо институту»- юридикалык жана кадр маселелери боюнча улук адиси (Казакстан., Актау);
  • 2012- 2013-ж.ж – жеке сектордо эмгектенген;
  • 2013-2014 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутататынын консультанты;
  • 2014-2015-ж.ж – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана "Мамлекеттик финансыны башкарууда потенциалды өнүктүрүү" Эл аралык трасттык фонддун юридикалык консультанты;
  • Июнь 2015 ж – жеке сектордо эмгектенген;
  • 2016 – 2017-ж.ж – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кеңешчиси;
  • 2018-2020-ж.ж – Пландоо жана контролдоо уюштуруу-аналитикалык башкаруу башкармалыгынын башчысынын м.а. директорунун жардамчысы;
  • 2020-2021-ж.ж – Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер министринин , Премьер- министрдин м.а. жардамчысы;
  • 2021-ж – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Билим берүү, илим, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

2021-жылдын октябынан тарта КР президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти болуп иштеген.

Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамоталары, ЕАЭБ Коллегиясынын жана бир катар ардак грамоталар менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий