• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте таштанды чакадан ымыркай табылды

Кырсык 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. Бишкекте таштанды чакадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды.

Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, кечээ, 8-ноябрда болжол менен 23:30дар чамасында “102” кызматына белгисиз аял төрөп, ымыркайын Элебесов көчөсүндөгү таштанды чакага таштап кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге тергөө-ыктам тобу барып, таштанды чакадан ымыркайды табышкан.

Аталган факты райондук милицияга каттоого алынып, учурда тергөөгө чейинки зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ымыркай №1 төрөт үйүнө өткөрүлүп берилген, абалы туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий