• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен өспүрүм баланын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен өспүрүм баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-июль күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычына 2004-жылы туулган К. у Н. аттуу эркек бала чөгүп кеткен.

Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен 8 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий