• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Нарын шаарынын кире беришине арка орнотуу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Нарын шаарынын кире беришине арка орнотуу пландалууда. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын кире беришине арка коюу үчүн архитекторлордун эмгектери шаардын айрым тургундарынын, ардагер архитектор, мугалим, аксакалдар сотунун, мекеме-ишкана кызматкерлеринин, жаштардын сынына коюлуп, бир катар сунуштар кабыл алынды.

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков Нарын шаары үчүн көркөмдүү, мазмундуу жана сапаттуу белгини орнотуп алууну тездетүү аракети көрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Талкууга катышкан КР министрлер кабинетинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев 2 арканын эскиздеринин мыктысын тандоону көпчүлүктөн сурануу менен, бүгүнкү күнү шаардын кире беришине коюлуучу арканы жакынкы арада баштоо үчүн тийиштүү аракеттер жүрүп жаткандыгын айтып, эскиздерди сунуштаган архитекторлорго бир катар толуктоолорду киргизүү менен дагы талкууга коюуну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий