• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

COVID-19: Ысык-Көлдө 108 адам үй карантинине чыгарылды, 84 адам обсервацияда жатат

Аймак 0

Бишкек, 07.03.20. /Кабар/. Ысык-Көлдө 108 адам үй карантинине чыгарылды, 84 адам обсервацияда жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ыкчам штабынан билдиришти.

Облустук ыкчам штабдан белгилешкендей, Ысык-Көлдө жалпысынан 195 адам обсервацияда болуп келген. Алардын ичинен 108 адам обсервациядан эки жумалык үй карантинине чыгарылды. Алардын экинчи этаптагы анализдеринен COVID-19 табылган эмес. Учурда 84 адам обсервацияда калууда.

"Ал эми 3 адамдын анализдеринен коронавирус табылгандыгына байланыштуу алар инфекциялык бөлүмдөрдүн изоляторунда жаткырылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий