• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жалган маалымат тараткан эки жаранга 5,5 миң сом өлчөмүндөгү айып салынды - Оштун коменданты

Аймак 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Ошто жалган маалымат тараткан эки жаранга 5,5 миң сом өлчөмүндөгү айып салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Нурдинов элди туура эмес маалымат таратуудан алыс болууга чакырат.

"Коменданттык саат жана өзгөчө абал кирген мезгилде жалган маалымат тарткандарга эскертүү гана берилген. Ал эми 3-апрелде чыккан жаңы мыйзамдын негизинде адамды дүрбөлөңгө салгандарга дароо чара көрүлүп, иш козголуп жатат. Бүгүнкү күндө 2 жаранга 5,5 миң сом өлчөмүндөгү айып салынды", - дейт комендант.

Эскерте кетсек, Ошто коменданттык саатты бузган 10 жаран кармалып, 3 миң сом өлчөмүндөгү айып салынган.

7-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 228ге жетти. Алардын ичинен илдеттен 23 адам айыкты жана коронавирус жуктуруп алган 4 жаран каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий