• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Балыкчыда муз тээп жүрүп сууга түшүп кеткен өспүрүмдөр куткарылды

Аймак 0

Бишкек, 08.01.24. /Кабар/. Балыкчы шаарынын Озерная кѳчѳсүндөгү 8-көлмөдө муз тээп жаткан өспүрүмдөр сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя тууралуу билдирүү бүгүн саат 15:29да түшкөн, жерине төрт куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар чала тоңгон көлмөнүн музун жирей сүзүп, сууга түшүп кеткен өспүрүмдөрдү аман куткарып калышкан.

Балдарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп берилген. Учурда алардын абалы жакшы, бейтапканада дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий