• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Тогуз-Торо районунда 225 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Чет-Булак айылындагы көп жылдан бери курулушу бүтпөй келген №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгунүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Мектеп 225 окуучулук орунга ылайыкташкан, анын курулушу республикалык бюджеттен каржыланган.

Мектептин ачылышына Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мектеп жамааты жана окуучулар катышты.

Пикир

Оставить комментарий