• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Баткенде заманбап дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 26-мартта, Баткен районунда дене тарбия жана ден соолукту чындоо комплекси салтанаттуу ачылып, пайдаланууга берилди. Булл тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, комплекстин ачылышына катышкан өкүлчүлүк аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров жалпы райондун жана шаар тургундарын бул саамалык менен куттуктап, калктын саламаттыгын чыңдоого жана сергек жашоо образын калыптандырууга багытталган комплекстин ишине ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, заман талабына ылайык, жабык типтеги комплексте мырзалар, айымдар жана балдар үчүн, ден соолукту чыңдап, эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Аталган жай Баткен шаарынын тургуну, жеке ишкер тарабынан курулду. Ишкер, түрк инвесторлору менен өнөктөш катары иш алып барган.

Пикир

Оставить комментарий