• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстан менен Ирандын транспорт тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голама Хоссейн Ядегари менен жолукту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө транспорт тармагындагы эки тараптуу кызматташтык талкууланды.

Ошондой эле алар жүк ташуунун көлөмүн жогорулатуу жана бул жаатта жаралган айрым жагдайлар тууралуу сөз кылышты.

Өз кезегинде Голама Хоссейн Ядегари Тилек Текебаевге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки мамлекет ортосунда транспорт тармагындагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык иш-аракеттерди жумшай тургандыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы транспорт тармагындагы ийгиликтүү жана жемиштүү биргелешкен ишти улантуу менен мындан аркы тыгыз кызматташууга ишеним артышарын баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий