• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ИИМ жетекчилиги Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлерин куттуктады

Коом 0

Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 77 жылдыгын майрамдоонун алдында ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов согуштун ардагерлери Садыр Мамбетходжаев менен Туркенакун Бейшенбаев, ошондой эле ооруктун ардагерлери Динара Накирова менен Чоюнбек Сагынбаевден кабар алды.

ИИМдин жетекчилиги ардагерлерди Жеңиш майрамы менен куттуктап, Жеңиш үчүн жалпы салымдарын кошуп, фашизмди жеңүүгө түрткү берген ооруктагы адамдардын дагы талыкпас эмгектерин баса белгилешти.

Өз кезегинде, ооруктун ардагери Чоюнбек Сагынбаев согуштун оор күндөрүн, өзүнүн өмүр таржымалын эскерип, сүрөттөрүн көрсөтүп, насаатчылык кебин дагы айтты. Чоюнбек Сагынбаев согуш башталган жылы он жашта болгон. Согуштан кийин ал милициянын жогорку мектебинде окуган. Ал ишин аймактык инспектордон баштап, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басарлыгына чейин жеткен.

Ооруктун эмгекчилери менен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жубайлары милиция кызматкерлерин көңүл буруп, куттуктагандыктарына ыраазычылыктарын билдирип, Мекенге болгон кызматтарына ийгиликтерди каалашты.

Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери ички иштер министринин жана президенттин администрациясынын атынан баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Учурда мындай иш-чаралар республиканын бардык аймактарында өтүп, ички иштер органдарынын түзүмдөрүнүн жетекчилери, облустук, шаардык ички иштер башкармалыктарынын башчылары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери-отставкадагы кызматкерлерин, ооруктун эмгекчилерин куттукташууда.

Пикир

Оставить комментарий