• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Боом капчыгайында атайылап таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. 2022-жылдын 10-майынан 13-майына чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 118-чакырымында коркунучтуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт (Боом капчыгайы, темир жолдун 3886 км, Жель-Арык-Рзд48). Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы билдирет.

Жумуштар КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий