• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жайларын оптималдаштыруу жолдору сунушталды

Билим 0

Бишкек, 08.01.24. /Кабар/. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жайларын оптималдаштыруу жолдору сунушталды, деп билдирет Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Жети-Өгүз районундагы “Керемет” мектепке чейинки билим берүү уюмунда болуп, анда Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда министр Догдуркүл Кендирбаева жетекчилерге мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жайларын оптималдаштыруу, “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу долбоорун аймактарга жайылтууну күчөтүү, мектепке чейинки билим берүүдө япон ыкмаларын колдонуу, уюмдарга стандарттык эмес өнүгүүнү киргизүү тапшырмаларын берди.

Мындан сырткары жолугушууда балдарды тарбиялоодо жөнөкөй ыкмаларды жана оюн формаларын колдонуу, уюмдардагы педагогикалык ишке карата коомдун мамилесин өзгөртүү, инвестициялык долбоорлордун алкагындагы ишке ашырылуучу альтернативдүү моделдер, инфраструктура, коопсуз предметтик өнүгүү чөйрөнү уюштуруу, экосистеманы түзүү боюнча талкуулар орун болуп, ар тараптуу сунуштар айтылды.

Ошондой эле экологиялык таза жана ыңгайлуу улуттук кийизден жасалган шырдактарды, оюнчуктарды жана Баткен араби килемдерин пайдаланууну ишке ашыруу сүйлөшүлдү.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 “Коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” №689 токтомун ишке ашыруу максатында региондордо мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жайларын эффективдүү пайдалануу аракеттери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий