• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Улан Ниязбеков Монголиянын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 14-апрелде ички иштер министри Улан Ниязбеков Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Монголия элчилигинин кичи-элчиси Гендендарам Эрдэнэбат катышты.

Улан Ниязбеков Ганхуяг Содномго Ички иштер министрлигине болгон иш сапары үчүн ыраазычылыгын билдирип, монгол тарап менен кызматташууга чоң маани берерин белгиледи.

Жолугушууда укук коргоо иши жаатындагы кызматташтыкты жана маалымат алмашуу боюнча кызматташууну арттыруу талкууланды.

Өз кезегинде Ганхуяг Содном мырза өз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө даярдыгын ырастады.

Жолугушуунун жүрүшүндө пикир алмашуу болуп, тиешелүү маселелер талкууланды. Ошондой эле кыргыз-монгол мамилелерин мындан ары чыңдоо маселелери каралды.

Пикир

Оставить комментарий