• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө акыркы үч айда кылмыштардын саны азайды

Аймак 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында акыркы үч айда кылмыштардын саны азайды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кеңешмесинде белгилүү болду.

Облустук милициядан билдиришкендей, кеңешмеде ошондой эле жол кырсыктарынын саны 11 пайызга кыскаргандыгы белгиленди. Оор жана өзгөчө оор, башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо, батирдик уурдоо кылмыштардын бетин ачуу көрсөткүчтөрү жакшырганы байкалууда. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 76 килограммдан ашык баңги заттардын ар кандай түрлөрү жана 20дан ашык ок атуучу курал алынган.

Туристтик-экологиялык милициясы тарабынан үстүбүздөгү жылдын 3 айында мыйзамсыз балык улоонун 16, мыйзамсыз аңчылыктын 5 жана бак-дарактарды мыйзамсыз кыюунун 24 учурлары аныкталып, көлдөн узундугу алты чакырымга жеткен 60 даана, ошондой эле башка ведомстволор менен бирдикте 22 миң метрден ашык браконьердик торлор алынган. Тянь-Шань карагайынын 800дөн ашык көчөттөрү отургузулду.

Ыкчам кеңешменин акырында, облустун аймагында укук тартибин жана мыйзамдуулукту чыңдоо боюнча бир катар милдеттер коюлду.

Пикир

Оставить комментарий